Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылынын Садовая көчөсүндөгү кампаны өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды.
Аталган кампада күнүмдүк колдонулуучу антисептик, косметика жана дары-дармек каражаттары сакталган.
Тилсиз жоо саат 14:04тө толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.