Милиция кызматкери Ысык-Көлдөгү эл аралык спорттук фестивалда спорттун пауэрлифтинг түрүнөн биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу ИИМдин атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Кѳл облусунда 15-июнунан 4-июлуна чейин "Кыргызстандын бермети" аталыштагы IV Эл аралык спорттук фестиваль өтүүдө. Фестивалга дүйнѳнүн 15 өлкөсүнѳн келген спортчулар спорттун 30 түрү боюнча күч сынашууда. Бул фестивалга ИИМдин атайын багыттагы полкунун 17 кызматкери спорттун 6 түрү боюнча катышууда.
"Спорттун "Пауэрлифтинг" түрү боюнча 100 килограммга чейинки салмак категориясынан 1-орунду ИИМдин атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун рота командиринин ѳздүк курам менен иштѳѳ боюнча орун басары милициянын капитаны Мурат Маметов ээледи.
Жыл сайын ѳтүүчү фестивалдын негизги максаты өлкөдө спорттун ар кандай түрлѳрүн ѳркүндѳтүү менен спортчулардын спорттук чеберчилигин эл аралык деңгээлде жогорулатуу, коңшу ѳлкѳлѳрдүн ортосундагы достук мамилени чыңдоо", - деп жазылган маалыматта.