Бир кылымдан ашык тарыхы бар Бишкектеги борборлоштурулган китепканадан сүрөт баян (видео)

Бишкек шаарындагы борборлоштурулган китепканага быйыл 102 жыл болду. Жеке эле борбор калаада эмес өлкө боюнча эң ири китепканалардын катарын толуктаган бул мекеме 1920-жылы ачылган. Алдыда тарыхы бай китепкананын бүгүнкү күндөгү абалын чагылдырган сүрөт баянды сунуш кылабыз.

Мындан туура 102 жыл мурда 1920-жылы августта Бишкекте борбордук шаардык китепканасы 4280 китеп менен ачылган. Тагыраагы, аталган китепкананын тарыхы ушул жылдан башталган. Өлкө көз карандысыздыгын алгандан кийин 1994-жылы Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын борбордук китепканасы болуп өзгөртүлгөн. Учурда борборлоштурулган китепкана тармагында 28 китепкана бар.

Китепканада жалпысынан 9 бөлүм иштейт. Атап айтканда, окурмандарды тейлөө бөлүмү, уюштуруу-усулдук бөлүмү, маалымат библиографиялык бөлүмү, китеп фондусунун сактоо бөлүмү, гезит-журнал окуучу жай, топтоо жана иштеп чыгуу бөлүмү, мезгилдүү басылма бөлүмү, мекен таануу бөлүмү жана чет тилдеги китептер бөлүм.

Мурда биринчи кабаттагы бардык бөлмөлөр китепканага таандык болсо учурда анын жарымына Бишкек шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы ээлик кылат. Тактап айтканда, Данияр Үсөнов Бишкек шаарынын мэри болуп турган убакта аталган китепкананын имаратынын жарымы Муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Китепкананын жетекчиси Күлсайра Дандыбаеванын белгилешинче, мындан улам китепканадагы бөлмөлөр тар, окурмандар үчүн да ыңгайсыз. Ошондой эле китепкананын алты бөлүмү жер төлөдөгү тар бөлмөлөрдө жайгашкан.

Аткен менен, борборлоштурулган китепкана тармагында акын, жазуучулар менен окуучулардын, студенттердин жолугушуусу байма-бай уюштурулуп, жаштарды китеп окууга тартуу багытында ар кыл иш-чаралар болуп турат. Мындан сырткары, бардык каалоочулар үчүн тил курстары да бар. Ал эми бир жылдык окурмандык билетти 40 сомго ачтырууга болот.

Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагы мамлекет тарабынан каржыланат. Мындан тышкары коомдук фонддор да көмөк көрсөтүшөт.

Китепканада учурда 70тен ашуун кызматкер эмгектенет. Бүгүнкү күндө китепкананын фондунда 936 миңден ашуун китеп бар. Китепкана жекшембиден башка бардык күндөрү саат эртең мененки 8ден кечки 5ке чейин иштейт.


кошулду
Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан