Жеке жана юридикалык жактарга тиешелүү. "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамына кол койду. Маалыматты президенттин администрациясынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 11-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам республиканын бардык аймактарында тышкы видеобайкоо тутуму менен жабдылган юридикалык жана жеке жактарга иш алып барган объекттерге тиешелүү, бул өлкөдө кылмыштын алдын алууда кошумча чараларды түзүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын сунушу боюнча, тышкы видеобайкоо тутумун түзүүгө тийиш болгон тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объектилеринин тизмесин бекитет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан