Өлкөдө бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү жөнүндөгү документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чаралар билим берүү органдарынын өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин катышуусунда төмөнкү мөөнөттөрдө өтөт:

- 2022-жылдын 5-июлунда 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн саат 9.00дө;

- 2022-жылдын 7-июлунда 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн саат 9.00дө.

Министрлик бүтүрүүчүлөргө арналган иш-чараларды кечки жана түнкү мезгилдерде мектептин аймагында, оюн-зоок жайларда жана башка коомдук жайларда өткөрүүгө тыюу салат.

Окуучулардын укук бузууларын жана коопсуздук чараларын сактабаган, акча жыйноого жол берген мектеп директорлоруна, класс жетекчилерине жана мугалимдерге карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөөрү маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан