Бүгүн, 2-декабрда Ош шаарында митинг өтүүдө. Аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызынын билдирүүсүнө караганда, митингге болжол менен 5000ден ашык адам чыккан. Митингге чыккандар камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун камактан бошотулушун, оппозиция өкүлдөрүнө куугунтук токтотулушун талап кылышууда. Алар Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн имаратын басып алууга аракеттенип, таш, бөтөлкөлөрдү ыргытып, элдин алдына Сооронбай Жээнбековдун чыгышын күтүшүүдө.