UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко улуттук кийим кийип, ат чаптырган видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, көпчүлүктү суктандырды.
Анда мушкер айымдын улуттук кийимчен үч түрдүү образын жана ат чаптырганын көрүүгө болот.
Валентина Шевченко 15-июнь күнү Бишкекке машыктыруучусу Павел Федотов, эжеси Антонина Шевченко менен келген. Ал буга чейин Бишкектин кооздугун чагылдырган сүрөттөрү менен бөлүшкөн.