Бишкекте Орус драма театрынын артисти Оксана Гоголь киши колдуу болуп каза
тапты. Бул маалыматты 2-декабрда Бишкек ШИИББи тастыктады.
Маалыматка ылайык,
30-ноябрда белгисиз адамдар Уркуя Салиеванын эстелигинин артында актрисаны
сабап, зордуктоого аракет кылышкан. Эртең менен жолдон өтүп бара жаткандар аны
Улуттук госпиталга жеткиришкен. Көрсөтүлгөн жардамга карабай Гоголь каза
болгон.
Аталган факты боюнча “Ден соолугуна атайын зыян келтирүүнүн
натыйжасында өлүмгө алып келүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголду.
Укук
коргоо органдарынын айтымында, кылмышкерлер аялды зордукташы мүмкүн. Бирок ал
экспертизадан кийин белгилүү болот. Маалыматтарга караганда, Оксана Гоголдун
жашы жетелек өспүрүм курактагы 1 баласы бар. Жерге берүү зыйнаты бүгүн өтүп жатат.