Чогуу жашаган аялды өлтүрүп, башын кесип салган. Шектүү кармалды

Кара-Балтада 47 жаштагы аялды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү чогуу жашаган аялды өлтүрүп, денесинин ар кайсы жерине 10 жолу бычак менен жаракат келтирип, андан соң башын кесип, денени шаардын көчөлөрүнүн бириндеги дренаждык каналга ыргытып салган. Ал эми башын дренаждан 200 метр алыстыктагы жерге көмүп салган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде, кылмышка шектүүнүн аты-жөнү такталып, ал киши колдуу болгон 1976-жылы туулган К.Н. менен чогуу жашаган адам болуп чыкты. Шектүү Жалал-Абад облусунун аймагында жашырынып жүргөн.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, шектүү кызганычтын негизинде өлтүрүп салган.

Шектүү өз күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, аялдын башын көмгөн жерди көрсөткөн. Ал Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-июнь күнү Кара-Балта шаарында дренаждан 47 жаштагы аял кишинин башы жок денеси табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан