Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда бүгүн жана эртең унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 23-24-июнда Ысык-Көл районунун аймагында чет элдик делегациялардын башчыларынын катышуусунда Түрк парламенттик ассамблеясынын 11 пленардык жыйыны өткөрүлөөрү күтүлүүдө.

"Иш-чарага катышуу үчүн келген чет элдик делегациялар өтүү учурунда Чолпон-Ата шаары аркылуу өтүүчү Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолу маал-маалы менен убактылуу жабылып, унаалардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилет. Тагыраак айтканда коштоп жүрүү маршруттарын өткөрүү учурунда гана убактылуу жабылышы күтүлөт", - деп жазылат башкармалыктын маалыматында.

Мындан улам облустун тургундары жана меймандарына Ысык-Көлдүн түндүк тарабы, тагыраагы Жети-Өгүз, Тоң райондору аркылуу жол жүрүү сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан