Ош шаарында Хуршидабо Байрова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 21-июнь күнү Ош шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 сантиметр, арыкчырай, кара-тору, чачы сары түскө боёлгон.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү футболка, көк түстөгү жынсы шым, кара түстөгү спорттук бут кийим.
Дайынсыз болуп жаткан кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0322 26-27-57, 0550-33-13-80 жана 0779-86-15-79.