Бишкекте "Ош базарынын" соодагерлери митингге чыгышты. Алар "Берекет универсал" соода борборунун башкы директору Индира Аблазованын ижара акысын көтөрүү чечимине нааразы болушууда. Анда соода-түйүндөрүнүн ижара акысы 9 сомго көтөрүлгөнү, соодагерлер күн сайын 69 сомдон төлөй тургандыгын айтышкан.
Ошондой эле митингчилер кризис учурунда көбөйтүлгөн ижара акысын төлөй албаарын билдиришкен.