Бириккен улуттар уюмунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын аяктоодо. Маалыматты министрлер кабинетинен билдиришти.
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстандагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиелону республиканын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана COVID-19 глобалдык пандемиясы учурунда эл аралык жардамды уюштуруудагы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлык "Даңк" медалы менен сыйлады.
Сыйлыкты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.
Министрлер кабинетинин башчысы республикага туруктуу өнүгүү, адам укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, демократиялык институттарды өнүктүрүү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, саламаттыкты сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, терроризмге жана зомбулук экстремизмге каршы күрөшүү, ошондой эле баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү маселесинде олуттуу жардам көрсөткөн БУУ органдарына ыраазычылык билдирди.
Озонниа Ожиело өз кезегинде жогорку мамлекеттик сыйлык үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын эли, ал жердеги жошоосу жана аткарган кызматы жүрөгүндө сакталаары тууралуу билдирди.