Өлкөгө Казакстан менен Азербайжандын парламенттик делегациялары келди

Бүгүн, 23-июнда Кыргызстанга Казакстандын жана Азербайжандын парламенттик делегациясы келди. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан белгилешкендей, делегация мүчөлөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеянын кеңешинин жыйынына жана XI пленардык отурумуна катышат.

Жогорку даражадагы меймандарды аба майдандан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун орун басары Улан Примов тосуп алды.

Бүгүн Талант Мамытовдун парламенттик делегациялардын башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушуулары орун алат. Эртең, 24-июнда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жана XI пленардык жыйынынын иши башталат.

Белгилей кетсек, Казакстан менен Азербайжан ТүркПАга мүчө мамлекеттер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан