Киевдеги
баш аламандыктардан улам 36 журналист ар кыл жарааттарга кабылганы белгилүү
болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирет.
Маалыматка
караганда, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү укук коргоо органдары
тарабынан токмокко кабылган. Айрымдарынын фотоаппараттары менен видеокамералары
талкаланган. Үн чыгаруучу гранаталардын жарылуусунан улам жабыркагандар да бар.