"УКМКда бир гана адамдар эмес, шумкарлар дагы кармалып турат" дейт депутат

Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев УКМКда бир гана адамдар эмес, куштар дагы кармалып турарын айтты. Ал белгилегендей, ушул жылдын март айында коопсуздук комитети шумкарларды өлкөдөн алып чыгуу фактысына бөгөт койгон.

Ал эми жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова шумкарларды кармоонун илимий укуктук негиздери жок экенин белгиледи.

"14 шумкар жапайы болгондугуна байланыштуу кылмыш иши козголгон. Комиссия түзүлүп, Илимдер академиясынын адистери чакырылган. Шумкарлардын жапайы экени тастыктала элек. Мен Орусиянын Жаратылыш ресурстары министрлигине жана Мамлекеттик Думага алардын эксперттерин жөнөтүү үчүн кайрылдым. Кимдир бирөө жөн эле 14 шумкар жапайы деп маалымат берген, бирок андай болушу мүмкүн эмес. Текшерүү болгон, комиссия иштеди, бул ишке чекит коюу керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан