Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия УКМКнын СИЗОсундагы видеобайкоодогу тасмаларды көрүп чыкты

Бүгүн, 23-июнь күнү саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл Банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссиянын тобу УКМКнын тергөө абагынын ичиндеги видеобайкоодогу тасмаларды көрүп чыкты.

Комиссиянын жетекчиси, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айтымында, каза болгондордун комиссияга кирген жакындары да тасмаларды көрүшкөн.

"Казакпаев жана Асанбаев каза болоор алдында алардын жанында болгон адамдар менен сүйлөшүп чыктык. Видеобайкоого жазылып калган тасмаларды да деталдуу көрдүк. Биз менен чогуу эки маркумдун тең жубайы кирди.

Дагы эки жумадай иштейбиз. Мындан сырткары медициналык экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Бизден тышкары бул иш боюнча тергөө өз алдынча жүрүп жатат.

Расмий айта албайм, анткени комиссиянын жыйынтыгы жок. Жеке мен айтсам, видеодо Бакыт Асанбев өз жанын кыйып жатканы көрүнүп турат", - деди Байсалов.

Белгилей кетсек, 9-июнда Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилип, комага түшкөн. Серепчи 10-июнда №1 шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган. Ага геморрагиялык инсульт деген диагноз коюлган.

Ал эми 18-июнга караган түнү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө абагында асынып алгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан