Англиялык "The Economist Intelligence Unit" (EIU) уюму 2022-жылдагы жашоого эң ыңгайлуу шаарлардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жарыяланган рейтингге ылайык, жашоого ыңгайлуу шаарлардын сап башынан Австриянын борбору Вена шаары орун алды.
"Коопсуздук жана мыкты инфраструктура Венанын тургундары үчүн эң негизги артыкчылыктар. Ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагы, маданий жана көңүл ачуучу жайлары менен айырмаланып турат", - деп жазылат андагы маалыматта.
Вена шаары
Ал эми буга чейин тизменин башында турган Окленд шаары (Жаңы Зеландия) коронавируска байланышкан катаал чектөөлөрдөн улам 34-орунга түштү. Бизге белгилүү башка шаарлардын ичинен Франкфурт калаасы (Гермуания) 7-орунга, Париж шаары (Франция) 19, Лондон шаары (Улуу Британия) 33, Милан (Италия) 49 жана Нью-Йорк (АКШ) 51-орунга жайгашты.
Ал эми жашоого ыңгайсыз шаарлардын катарына Дамаск (Сирия), Лагос (Нигерия), Триполи (Ливия), Алжир (Алжир) жана Карачи (Пакистан) шаарлары кирди.
Аталган рейтингди түзүүдө коопсуздук, туруктуулук, саламаттыкты сактоо, инфраструктура, маданият, оюн-зоок жана билим берүү сыяктуу жагдайлар эске алынган.