Бишкек шаардык мэриясы “Ала-Тоо” аянтына Жаңы жылдык балатыны 15-декабрга чейин орнотууну пландоодо

Бишкек шаардык мэриясы борбордук “Ала-Тоо” аянтында жана шаардын бир катар аймактарында Жаңы жылдык балатыны 15-декабрга чейин орнотуп бүтүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, 15-декабрга чейин Жаңы жылдык балатыны райондук администрациялардын имараттарынын алдында, коомдук-маданий жайларда,  ЖОЖдордо, Муниципалдык аймактык башкаруу имараттарынын алдына орнотуу каралган. Ошондой эле ири соода борборлорунун алдына да коюлат.  

Маалыматка ылайык, балатыларды алып келүү 10-декабрга чейин ишке ашат. Аларды көрктөндүрүп, түнкү жана күндүзгү көрүнүшүн ылайыктоо иштери 15-декабрга чейин созулат.

Эске салсак, былтыр Бишкек шаардык мэриясы тарабынан  “Ала-Тоо” аянтына орнотулган Жаңы жылдык балаты 22-декабрда кулап калган. Бийиктиги 23 метр келген бул балатынын кулап түшүүсүн “Тазалык” ишканасынын жетекчилиги катуу шамал менен байланыштырса, серепчилер “Жаңы жылга карата даярдыктагы жоопкерчиликсиз мамиле” деген баа беришкен. 

Ала-Тоо аянтындагы балатынын кулашы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан