Сокулукта 2 жаштагы наристени сабаган жаран 5 жылга эркинен ажыратылды

Чүй облусунун Сокулук районунда 2 жаштагы наристени сабаганга шектүү жаран 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотуна байланышканыбызда билдирди.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн наристенин сабалышы боюнча соттук отурум болгон. Анда сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты.

Маалымат үчүн:

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланган. Ошондой эле 2 жашар баланы токмоктоого шектүү адам камакка алынган. Баланын апасы Алёна Чумакова мурунку жолдошу окуяга күнөөлүү экенин билдирген.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан