1 ай мурда барган. Иркутскта 49 жаштагы Кыргыз жараны каза болду

Орусиянын Иркутск облусунда Кыргыз жараны каза болду. Бир нече күн мурда анын ден соолугу начарлап, ооруканага түшкөн дешет Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, 49 жаштагы Т.М.О. Иркутск облусунун Бодайбо шаарына 17-майда "Артель Старателей Витим" ишканасына ишке орношуу үчүн барган.

"17-июнда анын ден соолугу чукул начарлап Перевоз аймагындагы ооруканага жаткырылган. 22-июнда аталган ооруканада көз жумду.

Учурда маркумдун сөөгүн Бодайбо шаарындагы өлүкканага жеткирүү иштери жүрүп жатат. Каза болгон жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалат.

Кыргыз жаранынын туугандары менен элчиликтин Иркутск облусундагы канцеляриясы байланышты. Андан тышкары "Артель Старателей Витим" ишканасы тарабынан маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтүлмөй болду. Бул иш министрликтин тыкыр көзөмөлүндө", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан