"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасы болуп Нурлан Садыков дайындалды. Бул туурасында аталган ишканадан кабарлашты.
Маалым болгондой, бүгүн, 23-июнда жаңы дайындалган төрага жана анын орун басары эмгек жамаатка тааныштырылды. Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев энергетикалык компаниялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча "Улуттук энергохолдингге" маанилүү тапшырмалар коюлганын белгиледи.
"Алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин өз убагында ишке ашыруу зарыл. Жарандарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иштерди улантуу жана олуттуу энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну ийгиликтүү аяктоо маанилүү", - деди Тилек Айталиев.
Нурлан Садыков өз кезегинде ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо боюнча иштерди улантууга жана энергетика тармагын реформалоо боюнча министрлик тарабынан коюлган милдеттерди сапаттуу ишке ашырууга ниеттенип жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган ишканага Нурбек Козубеков төрагалык кылган.