"Берекет" соода борборундагы соода жайлардын тарифтери көтөрүлбөй турган болду

Бүгүн, 23-июнда "Ош базарынын" соодагерлери митингге чыгышты. Алар "Берекет универсал" соода борборунун башкы директору Индира Аблазованын ижара акысын көтөрүү чечимине нааразы болушкан.

Нааразы болгон соодагерлер менен борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев жана "Берекет" борборунун директорлор кеңешинин төрагасы Болот Бегалиев соода жайларынын ижара акысын көтөрүүгө каршы митингге чыккан сатуучулар менен жолугушту.

Район башчысы "Берекет" соода борборунун директорлор кеңеши менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жакынкы арада соода жайларына тариф көтөрүлбөй турганын билдирди. Билдирүүдөн кийин чогулган сатуучулар соода жайларына тарап кетишти.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө "Берекеттин" жетекчилиги соода борборунун ичиндеги орундарды ижарага алуу тарифтеринин абалы боюнча түшүндүрмөлөрдү берип, соода борборунун ишин жакшыртуу пландары тууралуу да айтып беришти.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын башынан бери "Ош базарынын" аймагындагы башаламан соодага каршы күрөшүү боюнча 187 миң сом айып салынган.
Азыр муниципалдык администрациясы тарабынан туруктуу негизде 6 адис бөлүнүп, алар күн сайын башаламан сооданы жоюу иштерин жүргүзүп жатышат. Райондук администрация тарабынан көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын башка кызматтары да тартылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан