Кыргызстанга дагы эки өлкөдөн делегация келди

Кыргызстанда өтө турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеянын кеңешинин кезектеги отурумдарына катышуу үчүн ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттик делегациялары келди.

Алсак, төрага Мустафа Шентоп баштаган Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын делегациясы жана төрайым Танзила Нарбаева баштаган Өзбекстандын Олий мажлисинин сенатынын делегациясы келди.

Меймандарды "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов тосуп алды.

Буга чейин Казакстандын, Азербайжандын, Түркмөнстандын жана Венгриянын парламенттик делегациялары келген.

Белгилей кетсек, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму өтөт. Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мамлекеттеринин парламенттери мүчөлүк кылган ассамблеянын кезектеги отурумунда ТүркПАнын атын өзгөртүү өңдүү бир катар маанилүү маселелер каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан