Арча-Бешик-2 жаңы конушундагы мектептин курулушу жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет

Бишкектеги Арча-Бешик-2 жаңы конушундагы мектептин курулушу жаңы окуу жылына чейин бүткѳрүлѳт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы мектептин курулушу 88 пайызга аяктады. Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан ички жасалгалары, тышкы көрүнүшү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Аталган мектеп 500 окуучуга ылайыкталып, 1 миң окуучудан ашык окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ал эми долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал жана жабдылган химия, физика, информатика класстарын камтыйт.
Белгилей кетсек, объекттин сметалык наркы 1 миллион 230 миң 986 долларды түзөт. Мектептин курулушун жаңы окуу жылына чейин аяктоо пландалууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан