Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону, 9-класстын окуучусу Элина Бакытова менен жолугушту.
Маалыматка ылайык, Жапаров жаш спортчуга колдоо иретинде айлык маянасынан 50 миң сом, министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом бөлдү.
Буга чейин Акылбек Жапаровдон июль айында Бахрейн Королдугунда өтө турган Азия чемпиондугуна (U-15) катышуу үчүн жаш спортчуга каржылык колдоо көрсөтүү өтүнүчү айтылган.