Юрий Шатуновдун өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө тартылып калган видео тарады

Орусиялык басылмалар "Ласковый май" тобунун белгилүү солисти Юрий Шатуновдун өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө тартылып калган видеосун жарыялашты. Түндө көчөдөгү байкоочу камерага ырчынын өлүмүнөн жарым саат мурун болгон окуялар түшүп калганы айтылат. Анда өзүн алсыз сезип жаткан Шатуновду эки адам унаасынан түшүрүп, имаратка киргизип жатышканын көрүүгө болот.

Маалыматта айтылгандай, бул адамдар ырчынын жакын санаалаштары. Ал өзүн жаман сезип жатканда Растуново айылындагы ооруканага алып барышкан. Кийин Москва шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирүү үчүн жолго чыгышкан. Бирок ырчы ага жетпей жолдо каза тапкан.

Эске салсак, 48 жаштагы Юрий Шатунов 23-июнга караган түнү жүрөк оорусунан улам көз жумган. Ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-июнда Москва шаарында өтөрү айтылды.

Юрий Шатуновдун өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө тартылып калган видеосу тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан