Украинада митинг уланууда. Юлия Тимошенко жаткан ооруканага терезелери караңгылатылган автобустар кирип-чыгууда

Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенко жаткан оорукананын аймагына кечээ, жекшембиден дүйшөмбүгө оогон түнү “Беркут” белгиси бар автобус кирген. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирет. 
Маалыматка караганда, оорукананын аймагына кирген автобус 20 мүнөткө чукул турган. Айлананы көзөмөлгө алган укук коргоо органдары да күндөгүдөй калыпта күзөттө болушкан. 
Мындан тышкары 1-декабрь күнү бул ооруканага көптөгөн автоунаалар кирип чыккан. Алардын арасында терезелери караңгылатылган эки автобус бар экендиги айтылууда. Азырынча шекти пайда кылган автоунаалардын ооруканага каттоосунун Юлия Тимошенкого кандай байланышы бар экендиги маалымдала элек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан