Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаарындагы Максим Горький атындагы сейил багында зер буюмдарын саткан соодагерлер митингге чыгышты. Алар ККМ аппараттарын орнотууга каршы экендигин билдирип, патент менен иштей берүүнү суранып чыгышкан.
"Биз контролдук кассалык машина орнотууга каршыбыз. Эгерде ККМ киргизилсе, биздин чыгымдарыбыз өзүн актабай калат", - деди соодагерлердин бири.
Белгилей кетсек, жаңы Салык кодексинин долбоору боюнча, "Дордой" сыяктуу ири жана кичи базарларда контролдук кассалык машина (ККМ) менен соода кылуу милдеттендирилген.