Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) делегацияларынын башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Анда мамлекет башчысы 2008-жылы түзүлгөн ТүркПА өз ишмердүүлүгүндө парламенттер аралык кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн маанилүү платформасы болуп калганын белгиледи.
“Бул жерде биздин парламентарийлер маанилүү маселелерди талкуулашат, маалымат бөлүшөт, иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча тажрыйба жана практика менен алмашат. Кыргызстан ТүркПАны негиздеген мамлекеттердин бири болгондуктан, бул парламенттер аралык бирикмени биздин өлкөлөрдүн тилектештигинин жана биримдигинин үлгүсү катары калыптандырууга кызыкдар.
Биздин өлкөлөр менен элдердин ортосундагы терең тарыхый, маданий жана руханий байланыштар биздин мамилелерибиздин негизин түзөт. Заманбап мамлекеттер аралык мамилелерди жылдан-жылга куруп келе жаткан ишенимге, достукка жана кызматташтыкка негизделген ишенимдүү пайдубалсыз өз ара байланышыбызды активдештирүү мүмкүн эмес деп ойлойм”, - дейт Жапаров.
Ошондой эле Садыр Жапаров жаңы мезгил азыркы замандык чакырыктар менен коркунучтарын чечүү үчүн жаңы ыкмаларды талап кыларын белгиледи.
“Ушуга байланыштуу программалык документтерди жаңыртып, аларды өркүндөтүүнүн үстүндө дайыма иш алып барууга тийишпиз. Ошондуктан биз Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында 2040-жылга чейин “Түрк дүйнөсүнүн көз карашын” кабыл алууну колдодук. Биз бүткүл дүйнө үчүн азыркы оор мезгилде күчтөрүбүздү бириктире турган “Көз карашты” кабыл алдык.
Ошол эле учурда дүйнөдөгү бүгүнкү терең өзгөрүүлөр мамилелерибизди калыбына келтирүүгө, жаңы мазмун менен толтурууга, кадыр-барк жана ар намыс сыяктуу түрк баалуулуктарын биринчи орунга коюуга тарыхый мүмкүнчүлүк берерин түшүнүшүбүз керек”, - деп белгиледи президент.
Мындан тышкары Казакстан 2021-жылы Азербайжандан ТүркПАдагы төрагалыкты кабыл алганын эске салды. Төрагалык мезгил ичинде мурда пландаштырылган бардык иш-чаралар аткарылып, бүгүнкү пленардык отурумда төрагалык кыргыз тарапка өтөрүн кошумчалады.
Мамлекет башчысы менен жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов, Азербайжан Милли Мелисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Түркиянын Улуу Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева (байкоочу катары), Венгриянын Парламентинин төрагасынын орун басары Шандор Лежак (байкоочу катары) Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Милли Генгешинин төрагасынын орун басары Касымгулы Бабаев (ардактуу мейман катары) катышты.