“Спорт Ордосунун чатырын оңдоого каржы министрлиги бөлүшү керек болгон 13 миллион сомду ала элекпиз”. Муну Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 2-декабрдагы кезексиз жыйынында Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Мурат Саралинов айтты. Буга чейин каржы министри Ольга Лаврова Спорт Ордосун оңдоого аталган сумма бөлүнгөнүн билдирген болчу. “Акчаны ала элекпиз. Буга чейин Спорт Ордосунун машыгуучу аймагын оңдоого 12 миллион бөлүнө турганы айтылган. Анын 6 миллионун алып оңдоо иштери башталды, бирок акчанын жарымы бериле элек. Азыр иш токтоп турат”,- деди Саралинов.
Буга каржы министри жооп узатты. “Акчаны ала элек болсоңор, демек тийиштүү документтерди бизге жибере элексиңер. Каржы булактарын таптык, каражат бөлүнөт”,- деди министр.