Талант Мамытов Бишкекте Түрк инвестициялык фондунун штаб-квартирасын ачууну сунуштады

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XI пленардык отуруму өтүүдө.

Жыйында Талант Мамытов Түрк дүйнөсү үчүн өзгөчө маанилүү болгон маселелер боюнча кызматташтыкты улантарын белгиледи. Ошондой эле даярдалып жаткан Түрк инвестициялык фонду экономикалык байланыштар үчүн натыйжалуу курал болуп каларын белгилеп: "Кыргызстанда Түрк мамлекеттеринин эл аралык кеңселеринин, уюмдарынын жоктугун эске алуу менен аталган финансылык мекеменин штаб-квартирасын Бишкек шаарында жайгаштырууга даярбыз", - деди төрага.

Андан соң жыйынга катышып жаткан боордош мамлекеттердин парламенттеринин башчылары баяндама жасап, түрк тилдүү өлкөлөрдүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттырууда парламенттердин ролу жогору экенине токтолушту.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов төрагалык кылып, Азербайжан Милли межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстандын парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов, Түркиянын улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын сенатынын олий мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева, Түркмөнстандын халк маслахатынын милли генгешинин төрагасынын орун басары Касымгулы Бабаев, Венгриянын улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан