Нью-Йорк шаарынын жашоочулары эми коомдук жайларда каалагандай курал-жарак алып жүрө алышат. АКШнын Жогорку Соту буга чейинки эл арасында курал көтөрүп жүрүүгө тыюу салган Нью-Йорк сотунун чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
АКШнын мыйзамдарына ылайык, жанына курал алып жүргүсү келген адамдар тиешелүү мекемелерге куралга муктаждык жаралганчалык өмүрүнө коркунуч бар экендигин далилдеп бериши керек болчу. Бирок Жогорку Сот мындай нерсени өлкө мыйзамдарына каршы келет деп таап, толугу менен жокко чыгарган.
Өлкө президенти Жо Байден соттун мындай чечимине таң калып жатканын билдирген. Ошондой эле Нью-Йорк шаарынын мэри Кэти Хоукул да бул маселени "акылга сыйгыс" деп атаган.
"Бул калаа тургундары каалаган нерсе эмес. Биздин соттор жана губернаторлор жарандарды коргоочу мыйзамдарды кабыл аларда моралдык жоопкерчиликти сезиши керек", - деп билдирген ал.