Жо Байден жолугушууда ар бир кадамы жазылган кагазды кокустан журналисттерге көрсөтүп алды

АКШнын президенти Жо Байден шамал энергетикалык кызматынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуу учурунда иш-чарада жасашы керек болгон ар бир кадамы ырааттуу түрдө жазылган кагазды байкабастан камерага көрсөтүп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Жо Байден жолугушууда кокусунан кагаздын бетин журналисттер турган тарапка көрсөтүп алган. Журналисттердин бири аны сүрөткө тартып калууга жетишкен.

Кийин ал өлкө башчынын жолугушууда эмне сүйлөп, эмне кыла тургандыгы жазылып, кызматкерлери тарабынан даярдалган кагаз экендиги белгилүү болгон.

"Сиз Рузвельт бөлмөсүнө кирип катышуучулар менен учурашасыз. Өз ордуңузга отуруп айтылгандар боюнча кыскача пикириңизди билдиресиз (2 мүнөт). AFL-CIO'нун (Америка эмгек федерациясы - Өнөр-жай бирикмелеринин конгресси) жетекчисине суроо бересиз - Лиз Шулер. Акырында катышуучуларга ыраазычылык билдирип, чыгып кетесиз", - деп жазылган баракта.

Эске салсак, Жо Байден буга чейин да март айында ушул сыяктуу жашыруун кагаздарды байкоосуздан көрсөтүп алганы тууралуу маалыматтар тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан