Президенттин иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жоюлду. Мындан улам президенттин администрациясынын административдик имаратын куруу долбоорун "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы ишке ашырат. Маалыматты президенттик администрациядан билдиришти.
"Буга чейин эскиздик долбоорун иштеп чыгуу сынагын жеңип алган "Архи-Вижн" жоопкерчилиги чектелген коом учурда долбоордук-сметалык иштерин жүргүзүүдө. Долбоорлоо аяктагандан кийин инвесторлор тартылып, түздөн-түз объектинин курулушун жүргүзө турган аткаруучу (подрядчы) аныкталат.
Жоюлган Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциянын мындан башка долбоорлору болгон эмес", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жарлыгына мамлекет башчы кол койгон.