Жалал-Абад шаарында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди (сүрөт)

Бүгүн, 24-июнда Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу Төш-Кутчу айылында жайгашкан №20 "Алтын уя" балдар бакчасынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жала-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаардык кеңештин төрагасы, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана жергиликтүү тургундар катышты.

"Аталган бала бакчанын пайдубалы 2017-жылы курулган, бирок каражаттын тартыштыгынан улам курулуш иштери токтоп калган болчу. Ал эми 2021-жылы тургундардын суроо-талабы эске алынып, шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосу жана шаар бийлигинин аракети менен 2 кабаттан турган 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бакчанын курулушуна бюджеттен 18 миллион 600 миң сомдон ашуун каражат сарпталды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жыл аягына чейин 50 орундуу бала бакчаны пайдаланууга берүү мерчемделип жатканы да айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан