Бүгүн, 24-июнда троллейбустардын айдоочуларына жол кирени накталай эмес төлөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек троллейбус башкармалыгында коомдук транспортто накталай эмес төлөмгө өтүү маселеси боюнча жолугушуу болуп өттү. Анда айдоочулар жана "Тулпар" компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө "Тулпар" компаниясынын өкүлү башкармалыктын айдоочуларына накталай эмес төлөө ыкмаларын түшүндүрүп берди.
Андан кийин жолугушуу "суроо-жооп" форматында улантылды, анда айдоочулар суроо берип, жооп алышты.