Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда милиция кызматкерлери кармалган жаранды сабаган. Мындай маалыматты Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган борбордун кызматкерлери 23-июнда Ала-Бука РИИБинин убактылуу кармоочу жайына барышкан. Анда Бекбол Жанышов аттуу кармалган жаран милиция кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып, арызданган.
"Арыздануучу Бекбол Жанышов милиция кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын белгиледи. Айтымында, ал №25 СИЗОдон убактылуу кармоочу жайга которулуп, жеке тинтүү учурунда Азамат аттуу нөөмөтчү шымынын боосун сууруп берүүнү талап кылган. Бирок Жанышов андан баш тартып, боону алса шым шыпырылып калат деп түшүндүрүп, камерага барганда боону берерин айткан. Буга жооп катары бир нече милиция кызматкерлери адепсиз сөздөрдү айтып, анын колун бурап, сабап, күч колдонуп камерага сүйрөп киришкен", - деп айтылат маалыматта.