Бишкекке жүргүнчү алып бара жаткан поезд Балыкчыга кайтарылды

Балыкчы-Бишкек каттамындагы поезд селден улам артка кайтарылды. "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришкендей, саат 18:00дө Жел-Арык темир жолунун 3894-чакырымында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен темир жолдун 10 метр конструкциясы жуулуп кеткен.

Ошондой эле 3896-чакырымында жана 3897-чакырымында жер көчкү 35 метрге жакын темир жолду басып калган.

Мындан улам Балыкчы шаарынан Бишкекке жүргүнчү ташып бара жаткан поезд кайра Балыкчыдагы станцияга кайтты.

Учурда ишкана 72 жүргүнчүнү (анын ичинде балдарды) маршруттук такси менен Бишкекке кайра жөнөтүүнү уюштурууда. Кондукторлор жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан