Бүгүн, 24-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 725 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 816 метр куб, агып чыгышы 403 метр кубду түзүүдө.
Былтыр 24-июнда суунун көлөмү 10 миллиард 928 миллион метр кубду түзгөн.