Бишкек-Балыкчы поезд каттамы убактылуу токтотулду

Бүгүн, 25-июнда Бишкек-Балыкчы поезд каттамы убактылуу жүрбөйт. "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашкандай, темир жолдун бир бөлүгүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери текшерүү жүргүзүшөт.

"Сел жана жер көчкү жүргөн аймактардагы табигый кырсыктардын кесепеттери толук жоюлду. Поезд каттамынын кайра жанданышы тууралуу кошумча маалымат беребиз. Убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз", - дешет мекемеден.
Белгилей кетсек, 24-июнда нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүрүп, Жел-Арык темир жолунун 3894-чакырымында темир жолдун 10 метр конструкциясы жуулуп кеткен. Ошондой эле 3896-чакырымында жана 3897-чакырымында жер көчкү 35 метрге жакын темир жолду басып калган.

Мындан улам Балыкчы шаарынан Бишкекке жүргүнчү ташып бара жаткан поезд кайра Балыкчыдагы станцияга кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан