
Акыйкатчы
Атыр Абдрахматова Фарид Ниязовдун камакта кармалуусунун негиздүүлүгүн тез арада карап чыгуунун зарылдыгы тууралуу президентке жана башкы прокурорго кайрылды. Буга Ниязовдун абалы оор экендиги себеп болгон дешет Акыйкатчы институтунан.
Мекеменин билдирүүсүнө караганда, Ниязовдун өкүлдөрү жана тарапташтары бир нече ирет анын ден соолугунун абалы оор экендигин билдирип келишкен. Тактап айтканда, дарыгерлердин консилиумунун бүтүмдөрүнө ылайык, ага тобокелдиги жогору болгон III даражадагы гипертониялык оору диагнозу коюлган. Фарид Ниязовдун өкүлдөрү менен тарапташтары оорунун күчөп бара жаткандыгы тууралуу коңгуроо кагышууда.
"Жогорудагы диагноз өкмөттүн №296 токтому менен бекитилген "Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулуулардын тизмесинде" каралган ооруларга шайкеш келүүсү ыктымал.
Акыйкатчы белгилегендей, буга чейинки УКМКнын ТИЗОсунда үч жарандын каза болгондон кийин, бардык мамлекеттик органдар улуттук мыйзамдардын талаптарын жана адам укуктары менен эркиндиктерин сактоонун эл аралык таанылган кепилдиктерин камакта кармоодо так аткарууга тийиш", - дешет мекемеден.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 11-беренесинде бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалып алынган адамды, ошондой эле кылмыш жасоого шектүү катары кармалган адамды камакта кармоо анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбей турган шартта жүзөгө ашырылууга тийиш деп каралган.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Фарид Ниязовго байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурумдарга үзгүлтүксүз түрдө мониторинг жүргүзөт.