Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү тармагында калкка маалымат берүү үчүн түз байланыш телефонун ачат. Бул туурасында министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында бекитилди.
Кабыл алынган чечимге ылайык, каалоочулар "110" кыска номерине түз байланыш аркылуу чалып, Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү суроолорду берсе болот.