Башкы прокуратуранын күйүп кеткен мурдагы имаратын бузууга тендер жарыяланды

Бишкектеги Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратын бузууга тендер жарыяланды. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Калаа башкармалыгы ошондой эле Жибек-Жолу кең көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги №2 мончонун ордуна социалдык мончо курууну пландоодо.
"Муниципалитет Киев көчөсүндөгү Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратын бузууга тендер жарыялаган. Мындан тышкары заманбап имараттын долбооруна сынак жарыяланат. Андан тышкары мончонун эски имаратын жакын арада бузуу каралууда. Буздуруп, жаңы имарат куруу шаардык бюджеттен каржыланат. Жаңы мончо жарандарды арзан баада кабыл алат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Башкы прокуратуранын күйүп кеткен мурдагы имаратынын ордуна жаңы объект куруларын айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан