Акылбек Жапаров: "Кыргызстан Япониянын ири компанияларын рынокко тартууга кызыкдар"

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигекини кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде тоо-кен ишканаларынын продукцияларын кайра иштетүү, машина куруу жана экологиялык коопсуздук жана IT-технологиялар жаатындагы маселелер талкууланды.
Министрлер кабинетинин билдирүүсүндө Акылбек Жапаров Кыргызстан Япониянын ири компанияларын ички рынокко тартууга кызыкдар экенин белгилегени айтылат.
"Биздин өлкөнүн транзиттик потенциалы чоң, анткени биз 1 жарым миллиард Кытай жана 40 миллион калкы бар Өзбекстан менен чектешебиз. Бул чоң базар. Биз өлкөгө япон технологияларын алып келүү үчүн франшизаны ишке киргизүүгө, иштеп чыгууларга укуктарды сатып алууга даярбыз", - деди Акылбек Жапаров.
Тараптар Япония өкмөтү ишке ашырып жаткан "Бир айыл – бир продукт" долбоорун да талкуулашты. Акылбек Жапаров бул долбоорду кеңейтип, мамлекеттик деңгээлде ишке ашырууну сунуштады.
Өз кезегинде Маэда Сигеки бул долбоор боюнча министрлер кабинетинин айткандарын колдоп, ал Японияда 42 жылдан бери ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан