Япония өкмөтү Кыргызстанга 7 миллиондон ашык доллар каражатты гранттык негизде берет. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактагы каналына жазып калтырды.
Анда бериле турган каражат Бишкек-Ош унаа жолун өзгөчө кырдаалдан коргоого жумшалары айтылат.
"Мен япон элине ыраазычылык билдиргим келет! Япония өкмөтүнө мунун эмне кереги бар билбейм, бирок Бишкек-Ош жолубузду муздан сактоо үчүн бизге 7 миллион 642 миң доллар акчаны грант катары бөлүп берүүнү чечишти.
Каражат Бишкек-Ош жолунун 125-129-чакырымдарын ("Төө-Ашуу" ашуусуна жакын) жана Бишкек-Ош жолунун 216-222-чакырымдарын ("Ала-Бел" ашуусу) өзгөчө кырдаалдардан коргоого жумшалат", - деп жазылат билдирүүдө.