Бүгүн, 2-декабрда Ош шаарынын
борбордук аянтына чыккан митингчилердин саны байкоочулардын айтымында, болжол менен 5 миңге жакындады. Ал эми катышуучулар өздөрүнүн саны 10 миң экенин айтышууда. Милиция кызматкерлери митингге чыккандардын саны 2-2,5 миңге жеткенин билдиришүүдө.
Митингдин катышуучуларынын айтымында, шаарга
кире бериштеги Фуркат айылында милиция кызматкерлери тарабынан 30 атчан кармалып, шаарга
киргизилген жок. Алар саат 14:00гө чейин А.Келдибековду бошотуу
чечими чыкпаса, башка кадамдарга барарын билдиришти.
Буга чейин Келдибековду
бошотуу, Ысык-Көл облусунун Саруу айылында митингге чыккандарды колдоо жана "Кыргызгазды" сатууга каршы талаптары менен чыгууну айтып чыгышкан.