Көбү биринчи жолу колдонгон. Таиландда марихуана колдонуу мыйзамдаштырылгандан кийин 10 адам ооруканага түштү

Таиландда эки апта мурда марихуананы колдонуу жана өстүрүү мыйзамдаштырылгандыгы кабарланган. Ал арада баңгизатын колдонуунун кесепетинен 10 адам ооруканага түшкөнүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, бейтаптар Бангкоктогу ооруканага жаткырылган. Дарыгер бейтаптарда жүрөктүн кагуусу күчөп, кан басымы өзгөрүп, баш айлануу, жүрөк айлануу же кусуу байкалганын айткан.

"Дарыгер кара куурайды рекреациялык (дени сак, бирок чарчаган адамдын абалын нормалдаштырып, калыбына келтирүү) максатта колдонуу кан айланууга, жүрөккө жана нерв системасына, тамак сиңирүү органдарына терс таасирин тийгизерин белгилеген. Бейтаптардын көбү кара куурайды биринчи жолу татып көрүшсө, башкалары байкабай марихуана бар тамакты жеп алышкан. Ал белгилегендей, кээ бир коомдук тамактануу жайларда кардарларга билдирбестен тамактарга кара куурай кошуп коюшат.

Адис 20 жашка чейинкилер, кош бойлуу аялдар, бала эмизген энелер, кан, мээ жана нерв системасынын өнөкөт оорулары барлар, психикалык жактан жабыркагандарга марихуана колдонуудан баш тартууну сунуштаган", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Таиланддын бийлиги кара куурайды медициналык профилактика үчүн колдонууга 2018-жылы эле уруксат берген. Ал эми быйыл марихуананы лицензия боюнча колдонууга, өстүрүүгө уруксат берип, жергиликтүү тургундардан марихуананы тамак-аш, косметикалык жана медициналык максаттарда колдонууну суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан