Таласта каналга түшүп кеткен кыздардын экинчисинин дагы сөөгү табылды. Маалым болгондой, анын жансыз денеси 25-июнда кечке маал Миң-Булак айылынан аныкталды.
Белгилей кетсек, 24-июнда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына 14 жаштагы
Т.А. жана 13 жаштагы
Ы.Д. аттуу 2 кыз түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылып, бүгүн, 25-июнда саат 08:30 чамасында изделип жаткан кыздын биринин жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, жакындарына өткөрүлүп
берилген.
Андан тышкары Киров суу сактагычына түшүп кеткен 11 жана 13 жаштагы балдардын жансыз денеси
табылган.