Бири 13тө, экинчиси 11де болгон. Киров суу сактагычынан эки баланын жансыз денеси табылды

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычынан эки баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашат.
Белгилүү болгондой, 24-июнда Кара-Буура районунун Үч-Булак айылынын 2009-жылы туулган Б.А. жана 2011-жылы туулган Б.А. аттуу 2 бала Киров суу сактагычына түшүп кеткен.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылып, издөө натыйжа берген эмес.
Бүгүн, 25-июнда Кара-Буура райондук суучул-куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүп жатып саат 09:27 жана 9:30да эки баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришти.
Министрлик эскертет: Урматтуу жарандар, балдарыңыздарды чоңдордун көзөмөлүсүз сууга түшүүгө жибербеңиздер! Суу коопсуздугун сактаңыздар!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан